Баткендеги чек арада түзүлгөн кырдаалдан улам Кызыл-Кыя шаарына эвакуацияланган жарандардын айрымдары четинен туруктуу үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу шаардын 1-вице-мэри Куванычбек Абдурахманов билдирди.
Анын айтымында: «Жалпы эвакуация болгон мекендештерибиздин баардык муктаждыктарын жергиликтүү бийлик камсыздып жатат. Кече абал турукташкандыгына байланыштуу үйлөрүнө кайтууга уруксат берилгенден бери, жарандар четинен кете баштады. Ал эми үй-жайы талкаланып, жараксыз абалга келген мекендештердин турак жайы салынып бүткүчө бул жакта боло тургандыгын», — деди ал.