7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кыргызстандык оюнчулар аттарды ижарага алышат

312

Учурда социалдык тармактарда талкууланып жаткан Түркияда өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына оюнчулар эмне үчүн өзүнүн аттары менен барбагандыгы тууралуу  Министрлик расмий маалымат берди.

Маалыматка ылайык, Түркияда өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, анын ичинде негизги оюн болгон  «Көк – бөрү» оюнуна  Кыргыз Республикасы  толук кандуу түрдө даярданган.

«Кыргызстан  бардык авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.  Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалгыз гана «Муалем Авиейшн»   компаниясы белгиленген шарттарда гана  аттарды алып барып, кайра алып келүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген.

Алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча,  аттар   2022-жылдын 27 -сентябрында учуп, кайра Кыргызстанга 3-октябрда кайтып келмек.

Бирок, Түркия тарап «Көк-Бөрү»  оюну Көчмөндөр оюндарында расмий мелдеш катары киргендиги тууралуу маалыматты кеч бергендиктен, аттарды кайра  Кыргызстанга алып келүүдө авиакомпаниянын учуу мөөнөтүн системада  башка тараптар ээлеп алгандыгы белгилүү болгон.

Ошондой эле, кайра аттарды Кыргызстанга алып келүү мөөнөтү 2 жумадан узак убактыка чейин созулуп калган.

Мындай узак мөөнөткө аттарды Түркияда кармоо шарты Кыргызстан үчүн туура келбегендиктен, оюнга катышуу үчүн аттарды Түркиядан ижарага алуу чечими чыккан.

Ушундай эле көрүнүшкө Казакстандын да командасы туш болду. Маалыматка ылайык, аталган  авиакомпания Кыргызстандын 24  жана Казакстандын 15 атын алып кетмек.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан да,  Казакстан да аттарды ижарага алышты. Оюнчулар көчмөндөр оюндарына катышууга толук даяр.»- деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

313