7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрбол Султанбаев: «Урматтуу Кактус медиа редакциясы! Сөз эркиндиги деп эле жалган маалымат тарата берсе болобу?»

1196

Президенттин Жаңы жылга тартылган Жаңы жылдык куттуктоосун Кактус медиа редакциясы хромакейдин фонунда тартылган деп жазып чыккан. Ага Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев мындай жооп берди.

«Урматтуу Кактус медиа редакциясы!

Маалыматты тактабай туруп, ишенимдүү калп айтып, коомчулуктун башын айлантып жатасыздар. Силердин жалган маалыматка жарандардын бир бөлүгү ишенип алышы мүмкүн.

Бул силер тараптан коомчулукка, окурмандарыңарга болгон жоопкерчиликсиз мамиле.

Кыргызстан сөз эркиндиги бар өлкө. Тилекке каршы айрымдар ал эркиндикти кыянаттык менен пайдаланып, атайылап адаштырып, жоопкерчиликти унутта калтырууда.

Ушундай калпты таратып, элдин башын айлантып, жоопкерчиликке тартылып баштаганда дароо «сөз эркиндигине басым» деп чыгасыздар.

Же сөз эркиндиги деп эле жалган маалымат тарата берсе болобу?

Ар бир ЖМКда маалыматтын чын-жалганын тактап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Биз сөз кылып жаткан басылма аны ойлонгон да эмес окшойт.

Дайыма айтып келем, сөз эркиндиги калп айтуу эмес, бул эң биринчи кезекте коомчулук алдындагы жоопкерчилик»,- деди ал.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1197