18-майда борбор калаанын айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 19:00гө чейин төмөнкү даректердеги турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.
Достоевский, Анкара, Ауэзов — темир жол линиясы чектешкен аймакта, ошондой эле Кара-Жыгач конушунда суу өчүрүлөт.
Анкара көчөсүндөгү суу өткөргүчтү оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу токтотулат.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.