7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртең Мамбет Мамакеев акыркы сапарга узатылат

401

Эртең, 26-ноябрда Бишкекте белгилүү хирург жана окумуштуу, медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамбет Мамакеев акыркы сапарга узатылат.

Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, акыркы сапарга узатуу иш-чарасы саат 11:00дө Улуттук хирургия борборунда болот.

Белгилей кетсек, күн мурун 97 жаш курагында Мамбет Мамакеев каза болгон. Ал 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Ак халатчан 70 жылга жакын иш тажрыйбасында 30 миңден ашык операция жасаган. 120дан ашык илимий эмгектердин (анын ичинен 8 монографиянын) автору.

 

 

402