7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртең президенттик шайлоого ат салышып жаткан 18 талапкердин үгүт иштери башталат

155

Эртең президенттик шайлоого ат салышып жаткан 18 талапкердин үгүт иштери башталат. Бул тууралуу маалыматты БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.


Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттикке талапкерлерди каттап бүттү.


«Конституциялык мыйзамга ылайык, үгүт иштери шайлоого чейин 35 күн калганда башталат. Бирок бул кезексиз шайлоо болгондуктан, үгүт жараяны 26 күн калганда башталат», — дейт ал.


Анын айтымында, Президенттикке талапкерлер программасын тааныштыруу үчүн шайлоочулар менен жолугушуунун эрежелери конституциялык мыйзамда жазылган. Андан тышкары талапкерлерге мамлекеттик КТРК жана ЭЛТР телеканалдарында акысыз убакыт берилет.


Президенттикке ат салышып жаткан талапкерлердин тизмеси:

  1. Жапаров Садыр Нургожоевич;
  2. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
  3. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
  4. Исаев Канатбек Кедейканович;
  5. Тагаев Рашид Бакирович;
  6. Байгуттиев Женишбек Сейтбекович;
  7. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
  8. Касенов Аймен Абдыталипович;
  9. Арстанбек Мыктыбек;
  10. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
  11. Ташов Имамидин Асамидинович;
  12. Асанов Курсан Сатарович;
  13. Иманалиев Каныбек Капашович;
  14. Джеенбеков Равшан Бабырбекович;
  15. Абакиров Эльдар Курманбекович;
  16. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
  17. Тольбаев Бабыржан Латиханович;
  18. Сегизбаев Абдил Кенешевич;

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

156