Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамаларынын беттеши өтүүдө.
Бурчтан чыгарып берүүдө Элдияр Зарыпбеков дарбазага топту багыттап, кыргыз спортчулары озуп чыкты. Бул 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо этабынын D тайпасындагы соңку оюн.
Оман менен болгон беттеште жеңиш, тең чыгуу, жада калса 6 гол айырма менен жеңилүү да «Ак шумкарларга» квалификациянын 3-баскычына жана 2027-жылкы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгууга мүмкүндүк берет.
Буга чейин Кыргызстандын курамасы Малайзия командасы менен кез келип, оюн тең чыгуу менен аяктаган.