7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Финпол: 600 миң доллар өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

393

Бүгүн, 7-январда ири алдамчылыкка шектелип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Финполдун кызматкерлери тарабынан 600 миң АКШ доллары өлчөмүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, А.Д аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Тергөө иштерине белгилүү болгондой, жогоруда аталган адам буга чейин бир нече жолу алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо боюнча сот жообуна тартылган. Жогорудагы адамдан жапа чеккендер болсо Манас пр., 101/1 дарегиндеги Финполго кайрылса болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

394