7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ганада 63 жаштагы дин кызматчысы 12 жашар кызга үйлөндү

491

Ганада таасирдүү салттуу дин кызматчысы 63 жашында 12 жаштагы кызга үйлөнгөнү коомдо катуу нааразылык жаратты. Дин кызматчысы Нуумо Боркетей Лаве Цуруга ишембиде өткөрүлгөн салттуу аземде нике кыйды. Сынга кабылган бул диний жамааттын башчылары адамдар өз үрп-адаттарын жана каада-салттарын түшүнбөйт деп билдиришти. Ганада мыйзамдуу түрдө никеге туруу үчүн минималдуу курак 18 жашты түзөт жана жашы жете электердин никеге турган учурлары азайган, бирок кээ бир жерде уланууда. Глобалдык бейөкмөт уюмунун маалыматы боюнча, өлкөдөгү кыздардын 19% 18 жашка чыга электе, 5% 15 жашка чыга электе турмуш курушат. Коомчулуктун ондогон мүчөлөрү катышкан ишемби күнкү иш-чаранын видеолору жана сүрөттөрү социалдык тармакта кеңири жайылып, Гананын көптөгөн жашоочуларынын нааразылыгын жаратты. Салтанат учурунда жергиликтүү Га тилинде сүйлөгөн аялдар кызга күйөөсүн салттуу тамашага чалууну сунушташкан. Ошондой эле алар жаш кызга аялдын милдеттерине даяр болууга жана күйөөсүнө сексуалдык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн атырды колдонууга кеңеш беришкенин угууга болот. Бул билдирүүлөр нааразылыкты ого бетер күчөттү, анткени бул нике кыюу аземи салттан да ашып түшкөн жорук катары кабыл алынууда. Сынчылар бийликти никени бузууга жана жаш кызга үйлөнгөн дин кызматчысына иликтөө жүргүзүүгө чакырышты.

Кыз да, дин кызматчы да таандык болгон нунгуа жергиликтүү жамаатынын лидерлери коомчулуктун каршылыгын айыптап, аны «сабатсыздыктан келип чыккан»деп айтышты.

Жергиликтүү жамааттын лидери Нии Бортей Кофи Франква жекшемби күнү кыздын дин кызматчынын аялы катары ролу «таза каада-салт » экенин айтты.

Ал кыз алты жыл мурун дин кызматчынын аялы болуу жөрөлгөсүн баштаган, бирок бул процесс анын билим алуусуна тоскоол болгон эмес деген жүйө айтылды.

Кыздын башкы дин кызматчынын аялы болуш үчүн аны экинчи кадимки аземден өтүшү күтүлүүдө. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын айтымында, кезектеги азем аны балалуу болуу сыяктуу үй-бүлөлүк милдеттерге даярдайт.

Цуру «Гборбу Вуломо » же борбор шаар Аккрадагы жергиликтүү нунгуа жамаатынын салттуу башкы дин кызматчысы. Руханий лидер катары дин кызматчы жамааттын эң жогорку даражалуу салттуу лидерлеринин катарына кирет. Ал жамааттын атынан курмандык чалат, жамаатты коргоо үчүн дуба кылат, маданий салттарды аткарат жана салттуу башчыларды дайындоо сыяктуу иш-чараларда салттуу ырым-жырымдарды жүргүзөт.

Коомчулукту нааразы кылган никеге өкмөт өкүлдөрү азырынча жооп бере элек. Гана мыйзамдары салттуу никелерди тааныйт, бирок маданиятты же салтты жамынып, балдарды эртелеп турмушка берүүгө жана аларга нике кыюуга мыйзам жол бербейт.

Салтка бекем эл

Гана — Батыш африкадагы көз каранды эмес мамлекет. Борбору Аккра шаары. Батыш Африкадагы башка өлкөлөргө караганда коопсуздук шарты жакшыраак, англис тили расмий тил болуп саналат. Жергиликтүү калктын көбү жакыр жашайт, шаардын көчөлөрү таштандыдан жакшы тазаланбайт.

Гананын калкы бай маданий мураска ээ жана улуттук каада-салттарды сактоого чоң маани беришет. Ал түгүл чет элдиктердин дагы жергиликтүү эрежелерди бузган учурларын аябай жаман көрүшөт. Мисалы, бир нерсени сол кол менен берүү, аябай эле ачык же кыска кийинүү, коомдук жайларда тамеки чегүү сыяктуу көрүнүштөрдү коомчулук жакшы кабыл албайт.

Ошондой эле коомдук жайларда бийлик тарабынан салынган дагы көп тыюулар бар. Мисалы, аскердик же өкмөттүк имараттардын, аба майдандарынын жанында сүрөткө түшүүгө болбойт, жергиликтүү бийликтин уруксаты керек.

Ал эми жергиликтүү элдин арасында кээ бир адамдар туристтер менен сүрөткө түшкөндүгү үчүн акча сураган адат бар.

Булак: Би-Би-Си

492