7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
20°C

Гиннестин рекорддор китебине кирген өзгөчө жаныбарлар

597

Гиннестин рекорддор китебине өзгөчө дене түзүлүшү менен айырмаланган жаныбарлар да кирет. Алар социалдык тармактарда дагы көптөгөн жакшы пикирлерге ээ болуп, кээ бирлери легендага айланып келген. Алдыда алардын өзгөчөлүгүн атап өтөбүз.

Дүйнөдөгү эң чоң ит — бул англиялык Клэр Стоунманндын үй жаныбары. Анын Фредди аттуу итинин салмагы дээрлик 92 кг. Мындай «жаныбарды» багуу оңой эмес экенин айтпаса да белгилүү. Үй ээси жыл сайын иттин тамагына жана витаминдерине 14 500 евродон ашык коротот.

 

Аябай ылдам ташбака
Берти аттуу таш бака ылдамдыгы менен айырмаланып, көпчүлүктү таң калдырып келет.

 

Эң чоң жана кичинекей ат

Чоң Джек эң чоң ат деп таанылган бийиктиги 210,19 см болгон бельгиялык жылкы. Ал эми эң кичинекей жылкы Тимбеллина 43 см ашпайт жана салмагы 43 килограмм.

 

 

Эң оор коён
Улуу Британияда салмагы үч жашар баладай болгон алп коён бар. Аларды тамактандыруу эң кыйын деп даттанышат, анткени алар дайыма тамактанып тургусу келет.

 

Улуу Британиядан келген Сандра Гилмурга таандык Табби Лабрадор аттуу ит акыркы алты жылда 26 миңдей желим бөтөлкөлөрдү күнүмдүк сейилдөө учурунда чогултуп кайра иштетүүгө жардам берген.

Эң узун тилдүү ит
Мочи аттуу ит тилинин узундугу менен дүйнөгө белгилүү. Анын тилинин узундугу 18,5 сантиметрден ашат. Бул ит АКШда Карла жана Крейг Рикерт менен жашайт.

Заманбап теке
Хэппи аттуу эчки скейтборд тепкенди сүйөт. Кожойкесинин айтымында, жаныбар өзү тактайга секирип, үйдүн айланасындагы жолдор менен сейилдейт. Мүйүздүү скейтбордчунун расмий рекорду 25 секундда 36 метрди түзөт.

 

Дүйнөдөгү эң узун мышык

Maine Coon породасындагы бул мышык денесинин узундугу менен дүйнөгө белгилүү болгон. Ал АКШнын Невада штатында жайгашкан Рено шаарында жашаган. Кожоюндары үлпүлдөк сымбаттуу мышыкты мурдунан куйругунун учуна чейин өлчөп, анын узундугу 123 сантиметр экенин аныкташкан. 2010-жылы Гиннесстин рекорддор китебине кирген.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

598