7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Голливуд жылдызы Мэрилин Монро тууралуу кызыктуу фактылар

627

Голливуд жылдызы болгон Мэрилин Монро 1926-жылы 1-июнда жарык дүйнөгө келген. 20-кылымдын жылдызы Монро башкалардан өзгөчөлөнүп турган. Бир көргөндө эле ага ашык болуп, кумир тутуп жүргөн күйөрмандары көп болгону маалым. Анда бир эле сулуулук гана эмес, талант дагы бар болгон. Мэрилин Монронун үнү табиятынан эле жагымдуу, эч кандай жасалма жол менен өзгөрткөн эмес. Айтор, бардык тараптан төп келген айым болгон.

Мэрилин Монро тууралуу кызыктуу фактылар.

1. Жылдыздын сырдуу өлүмү
5-август 1962-жылы Мэрилин Монронун Лос-Анжелестеги үйүнөн жансыз денеси табылган. Колуна телефондун трубкасын кармап, жанында дарынын бош бөтөлкөсүн табышкан. Монро уктатуучу дарылардын ашыкча дозасынан каза болгондугу айтылган, бирок ушул убакка чейин актрисанын өлүмүнүн жагдайлары боюнча ар кандай версиялары айтылып келет. Ал 36 жашында каза болгон.

2. Мэрилин – бул анын экинчи ысымы
Мэрилин Монронун төрөлгөндөгү ысымы Норма Жан Бейкер болгон. Ал өзүнүн атын өзгөртүп алган.

3. 16 жашында турмушка чыккан
Мэрилиндин балалыгы аябай оор өткөн. Ал 15 жашка чыкканда аны багып алган үй-бүлөсү жаңы жерге көчүүнү чечип, Мэрилинден баш тартышкан. Ошондо балдар үйүнө түшүп калбашы үчүн өзүнүн кошунасы Джеймс Догертиге турмушка чыгып кеткен.

4. Өзүнүн апасы психикалык ооруканада
Мэрилин Монронун апасы психикалык жактан жабыркагандыктан, кыз балдар үйүнө жиберилген. Аны 11 жолу ар кайсы ата-эне багып алган, бирок кайра балдар үйүнө кайтарылган. Анын мүнөзү абдан оор болгон.

5. Мэрилин китеп сүйүүчү болгон
Актрисанын жеке китепканасында 400дөн ашык китеп болгон. Ал китеп окуганды жакшы көргөн.

6. Жаттаган нерсесин бат эле унутуп калчу
Мэрилин роль жаратып жатканда текст жаттай албай көп кыйналганын айтып келишет. Айрымдар муну профессионалдуу эмес деп атаса, башкалары анын толкундануусу деп билишкен.

7. Болочок жылдыз учак заводдо иштеген
Болочок жылдыз учак заводунда иштеп, парашюттун кездемесинин сапатын текшерип, учактын корпусун боёп эмгектенген.

8. Актрисанын гонорары популярдуу болгонуна карабай аз болгон.
Узак мөөнөттүү келишимдин аркасында Мэрилин Монро популярдуулугунун туу чокусуна чыгып, Голливуддагы эң аз айлык акы алган актрисалардын бири бойдон калган.

9. Мэрилин 3 жолу турмушка чыккан.
АКШнын президенти Джон Кеннеди менен болгон мамилеси жылдыздын эң атактуу романы болуп эсептелет.

10. Голливуд жылдызы мектепти да бүтүргөн эмес.
Оор жашоо шартына байланыштуу мектепти бүтүрбөй турмушка чыгып кеткен.

11. Режиссерлор менен көп урушчу
Съёмка учурунда Мэрилин режиссёрлор менен көп урушчу, анткени ал көп кечигип, ролдорду унутуп, саптарды алмаштырчу.

*********************************************************************************************************************************

12. Актриса мурду менен ээгинин формасын өзгөртүү үчүн пластикалык операция жасаткан.
13. Ал бош убактысында тамак жасаганды жакшы көрчү жана аны абдан чеберчилик менен жасаган.
14. Анын катышуусундагы акыркы тасма анын капыстан каза болгондугуна байланыштуу бүтпөй калган.
15. Ал көчөдө жалгыз сейилдегенди жакшы көргөн. Күйөрмандары таанып калбаш үчүн ал кара парик кийген.
16. Мэрилин Монро эч качан арык чырай болгон эмес. Ага өзүнүн формалары жарашыктуу келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

628