Жалал-Абад облусунда кышка карата даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу аталган облустун өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусу боюнча сегиз айдын ичинде карьерлерден 132 миң тоннадан ашуун көмүр өндүрүлгөн.
«Бүгүнкү күнгө карата аймактарда 180 сатуу түйүндөрү иштеп жатат. Аларда көмүрдүн баасы сапатына ылайык 5 сомдон, 7 сомго чейин сатылууда. Социалдык объектилерден саламаттыкты сактоо тармагында 80 пайызга, билим берүү жаатында 48 пайыздан ашуун кышка карата даярдык көрүлдү. Ал эми калкка көмүр камдоо 43 пайызды түздү. Күз-кыш мезгилине облус боюнча жалпы 222 миң тонна көмүр керектелет. Беш район-шаардагы саламаттыкты сактоо мекемелерине көмүр ташуу иштери толук аткарылды. Учурда Жалал-Абад облусунда көмүргө болгон баанын жогорулашы жана тартыштыгы жок»,-деп берилет маалыматта.