7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпиону Роман Царев улуттук курамадан чыгарылды

308

Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Роман Царев улуттук кураманын катарынан чыгарылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал «Спортчунун этикасы» кодексинин 5-бөлүмүнүн 15-пунктуна ылайык кураманын катарынан четтетилген. Аталган бөлүмдө тартипсиз жоруктарды жасаган учурда, анын ичинде ушул кодекстин жоболорун аткарбаганда же туура эмес аткарганда, спортчуга карата атайын чаралар көрүлөрү белгиленген.

Роман Царев 2020-жылдын 11-12-январында өткөн грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионатында 72 кг салмак категориясында 1-орунду ээлегендиги үчүн улуттук кураманын катарына кабыл алынган.

Кечээ, 23-декабрда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Бишкектеги жеке ишкерлердин бирин опузалап, 380 миң сом акча талап кылган эки кылмышка шектүүнү кармап, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизген. Шектүүлөрдүн бири грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиону Роман Царев экени белгилүү болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

309