Россиянын аралаш стилдеги мушкери (ММА) Хабиб Нурмагомедов жылдын башкы спорт жылдызынын сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
«Би-Би-Си» жылдын башкы спорт жылдызынын сыйлыгына талапкерлердин тизмесин жарыялады. Талапкерлердин толук тизмеси басылманын сайтында келтирилген.
Маалыматка ылайык, жылдын алты негизги спорт жылдыздарынын катарына америкалык баскетболчу Леброн Джеймс, шведдик таяк тарткан Арманд Дюплантес, америкалык гольфист Джастин Джонс, француз футболчусу Венди Ренар, ирландиялык мушкер кыз Кэти Тейлор кирген.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Нурмагомедов Джастин Гейдждини жеңип, спорттон кетерин жарыялаган. Ал жеңил салмактагы UFC титулун үчүнчү ирет коргоду жана жалпысынан мушкердин 29 жеңиши бар. Жеңилүү ызасын бир дагы жолу тарткан эмес.