7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Инвестор Хайдер Тамими: «Кыргызстан инвесторлордун укугун коргогон өлкө»

422

Бишкек шаарынын Сүйөркулов көчөсүндөгү чет элдик инвесторлорго таандык имарат аларга кайтарылды.

Инвестор Хайдер Тамими президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге жана өлкөнүн мамлекеттик органдарына көрсөткөн жардамы жана көмөгү үчүн терең ыраазычылык билдирди.

«Биз Иорданиядан келген инвесторлорубуз, Кыргызстанга 9 жыл мурун келгенбиз. Ысык-Көл облусунда жана Бишкек шаарында бир нече объектилерди курдук. Акыркы долбоорубуз Ортосай базарынын жанындагы тогуз кабаттуу соода борбору. 2 жыл мурун имаратыбызды бизге эч кандай тиешеси жок адамдар басып алышкан. Биз президент Садыр Жапаровго кайрылып, имаратыбызды кайтарып берүүгө, инвесторлордун укугун коргоого жардам бергиле деп кайрылдык. Президент Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге, Бишкек шаарынын мэрине жана мамлекеттик органдарга терең ыраазычылык билдиребиз. Биз жардам үчүн абдан ыраазыбыз жана Иордания менен Араб өлкөлөрүнүн инвесторлорун Кыргызстанга инвестиция салууга үндөйбүз», — деди ишкер Хайдер Тамими.

423