7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Хоккей: Кыргызстан Түркмөнстанды 7:5 эсебинде жеңди

434

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курамасы дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун А группасынын оюндарынын алкагында Түркмөнстанды 7:5 эсеби менен утту. Буга чейин Кыргызстан курамасы Люксембургду жеңген.

Эки оюнда алты упай топтоп, мелдеш жадыбалында экинчи орунга көтөрөлдү.

Дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун А группасынын үчүнчү тур оюндарында Тайланд Түштүк Африка Республикасынын курамасын 5:1 эсеби менен, Люксембург Мексиканы 5:4 менен утту.

Белгилей кетсек, мелдеш жадыбалында Тайланд курамасы тогуз упайы менен биринчи орунда турат. Экинчиге алты упай топтогон Кыргызстан чыкты. Үчүнчү орунда 5 упайы менен Люксембург жайгашты. Түркмөнстан менен Түштүк Африка Республикасы үчтөн упай топтоп, 4-5-орундарды ээлеп турат. Ал эми Мексика бир упай менен алтынчы орунда.

Эми, 6 өлкөнүн хоккей курамалары катышып жаткан дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун А группасынын беттештери 16-мартка чейин өтөт.

435