7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Бир жылда 172 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

209

2020-жылдын 12 ай ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун 172 мүчөсү ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалган жана кылмыш жообуна тартылууда. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштар: киши өлтүрүү — 3, денеге оор залал келтирүү — 6, адам уурдоо — 2, опузалап талап кылуу — 15, каракчылык — 7, тоноо — 2, алдамчылык — 28, бейбаштык — 25, уурулук — 14, мыйзамсыз курал сактоо — 10, баңгизаттарга байланыштуу — 3 жана башка 17 кылмышты жасашкан.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 12 ай ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун кармалган мүчөлөрүнүн ичинен 9у криминалдык чөйрөдө жогорку статусун алып жүргөндөр болгон.

ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, республика боюнча атайын автоматташтырылган маалымат базасында К. Көлбаев, А. Батукаев, А. Бокушев түптөгөн үч уюшкан кылмыштуу топтун жана ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн жалпы саны 1 миң 76 жаран ыкчам каттоого алынган.

ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жана анын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан 403 жалпы мүнөздөгү кылмыштардын бети ачылган, алардын арасында 22 адам соттон жана тергөө амалдарынан качып жүргөндөр кармалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

210