7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Өлкөдө «Акыркы коңгуроо» салтанаты тынч өттү

664

Кыргызстанда «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чарасы эч кандай өзгөчө кырдаалсыз, тынч өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 25-майда республикада «Акыркы коңгуроого» арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызматын улантууда.

Билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо максатында республиканын ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы кызматтын күчөтүлгөн режимине өткөрүлгөн. Борбор калаадагы бардык мектептерде балдар иштери боюнча инспекторлор, милициянын участкалык инспекторлору жана ЖКККББнын кызматкерлери кызмат өтөштү.

Майрамдык иш-чараларга 2366 билим берүү уюмдарынан 200 миңге жакын бүтүрүүчүлөр катышты. “Акыркы конгуроо” учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 5 миңге жакын милиция кызматкерлери жана 52 милициянын көчмө кабылдамасы жооптуу болду.

Учурда өлкөдө абал туруктуу, милиция кызматкерлери тартипти сактоо жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

665