Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаттарына кысым көрсөтүлбөгөнүн билдирди. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жалпыга маалымдоо каражаттарында Конституциянын кайра иштелип чыгышы, парламенттик жана президенттик шайлоо боюнча сын-пикир айтып жаткан депутаттарга карата укук коргоо органдары кысым көрсөтө баштады деген маалыматтар жарыяланууда. «5-6-октябрь күндөрү шайлоонун жыйынтыгына каршы элдик толкундоо башталып,бийлик алмашкан. Ушул окуялар боюнча Жазык кодексинин бир нече оор беренелери боюнча кылмыш иштери козголгон. Учурда Ички иштер министрлиги тергөө, издөө иштерин колго алып, сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүп жатат.Ошонун алкагында суракка чакырылчу адамдардын тизмеси түзүлгөн. Алардын арасында коомдук ишмерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка жарандар бар. Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу азырынча көп нерсени ачыктоого мүмкүн эмес. Суракка чакырылгандарга тергөөчүлөрдүн суроолору бар. Тергөөнүн шартына, мыйзамга ылайык тиешелүү кишилерди сурап, анан акыйкатжыйынтык чыгарыш керек. Октябрдагы окуяларга катышкан, ал жөнүндө билген жарандар тууралуу бизде ыкчам маалыматтар бар. Ошого байланыштуу ИИМдин Тергөө кызматы күбө катары гана сурап жатат.Суракка чакырылгандардын арасында азыркы сунушталып жаткан Конституцияны колдогондор деле бар экендиги белгилүү. Ошол себептүү Октябрь окуялары боюнча тергелип жаткан иштердисаясатташтырууга негиз жок экенин белгилейбиз», — деп айтылат маалыматта.
Дагы оку
Өзгөн районунда эски мал союучу жай жабылып, мал союу жаңы жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра
Эртең, 7-октябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрулөт. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка ылайык, суу берүү турак
Бишкекте башталып, Астана жана Түркстан шаарларында уланган көргөзмө Ысык-Көл районундагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизация Борборунда туруктуу ордун тапты. Ысык-Көлдө
4-октябрга караган түнү Түштүк Кореянын Пхёнтхек шаарында массалык мушташ болуп, Кыргызстандын бир нече жараны жаракат алган. Бул тууралуу Тышкы иштер
Непалда мөңгүнүн кулашынан кийин болгон селден улам жүргүзүлгөн издөө-куткаруу операциясы аяктады. Кырсыктан 1455тен ашуун адам каза болуп, 5285 адам дайынсыз
Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Учкун» ачык акционердик коомунун директору Бакытбек Султанов кызматтан кетип, анын ордуна Илгиз Тапаев дайындалды. Бул маалыматты



