7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ президенттик шайлоого карата «Арсенал» ыкчам алдын алуу иш-чарасын жүргүздү

158

Шайлоонун алдында коомдук коопсуздукту камсыздоо, укуктук тартиптин бузулушун болтурбоо максатында ички иштер органдары “Арсенал” ыкчам алдын алуу иш-чарасын жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Аталган иш-чара ИИМдин буйругуна ылайык укук бузууларды алдын алуу, мыйзамдуулукту жана тартипти бекемдөө, курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого байланышкан укук бузууларга бөгөт коюу максатында өткөрүлдү.


Буйрукка ылайык, жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде күзөт агенттиктеринин тиешелүү документтери, сый белекке алган куралдардын, кызматтык, мергенчилик, травматикалык куралдардын ээлери жана аларды сактооо жайлары текшерилди. Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында бузууларды алдын алуу максатында республиканын бардык аймагында куралдарды алып жүрүүгө, сактоого, колдонууга уруксат берүүчү документтерди берүү убактылуу токтотулду. Куралдар-жарактарды саткан дүкөндөрдүн ишмердүулүгүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.


Республиканын аймагы боюнча ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө ок атуучу куралдардын, анын ичинде травматикалык куралдардын 6300 ээси, 120 обьект текшерилди. Бузуулар фактылары аныкталгандыгы боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен Бузуулар жөнүндө Кодексинин 84 жана 85-беренелерине ылайык 220 протокол түзүлдү. 160 ашык куралдын, 3800 ок-дарылардын сактоо эрежелерин бузулгандыгы аныкталган. Жоруктар жөнүндө Кодексинин 143-беренеси “Мыйзамсыз аңчылык кылуу жана балык уулоо же суу жаныбарларын кармоо” боюнча катталган укук бузуулар фактылары дагы аныкталды. Региондордо кура-жарактарды мыйзамсыз сактоо дагы аныкталды. Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 254-беренеси “Куралдарды мыйзамсыз даярдоо” жана 255-берене боюнча “Куралдарды этиятсыз сактоо” боюнча фактылар дагы катталды. 9 сайлуу ок атуучу курал, кесилген курал, граната, октор табылдын алынды. Ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен тапшыруу фактылары дагы катталды.


Ички иштер министрлиги ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, ага тете жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, сатуу, сактоо, ташуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет. Ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

159