Ички иштер министрлигинин 100 жылдыгын утурлай тартип сакчыларга 100 автоунаа белек кылынды. Аларды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды.
Унаалар заманбап байланыш шаймандары, планшет жана дрондор менен жабдылган. Тапшырылган техника 15 районго бөлүштүрүлүп, көпчүлүк бөлүгү аймактарга жөнөтүлөт.
Айта кетсек унаалардын ичинен шевроле үлгүсүндөгү автокөлүктөр ата-мекендик өндүрүштөн чыккан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram