Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө таандык «Эрем» спорттук клубу Ош шаарынын мэриясына өттү. Бул тууралуу 7-каналга Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
29-август күнү Ош шаардык кеңешинин сессиясы болгон. Анда «Эрем» клубу мэриянын балансына өтө турганы боюнча токтом кабыл алынган. Мындан ары бул жайды мэриянын спорттук комитети жетектейт.