7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азиядагы ири кинофестивалда «Качкын» тасмасынын бет ачары болот

96

«Качкын» аталышындагы кыргыз тасмасынын бет ачары Азия чөлкөмүндө абройлуу болгон Busan International Film Festival кинофестивалында өтөт.

Жаңы тасмада адам сатууга байланыштуу маанилүү көйгөйлөр чагылдырылат. Режиссёр Дастан Жапар коопсуз миграция жана заманбап кулчулук темаларын көтөрөт. Тасма Нарын, Балыкчы жана Токтогул шаарларында тартылган.

Өзүнүн «Атанын керээзи» жана «Акыркы көч» аталышындагы тасмалары менен белгилүү болгон Дастан Жапар дүйнөлүк аренага дагы бир жолу Кыргызстандын атынан чыгып, глобалдык көйгөйлөрдү талкуулоого мүмкүнчүлүк ачат.

«Качкын» тасмасы Түштүк Кореяда 2-октябрдан 11-октябрга чейин өтө турган 29-Пусан эл аралык кинофестивалында JiSeok сынагына тандалып алынган. Тасма «Эң мыкты тасма» номинациясына көрсөтүлгөн.

1996-жылы негизделген Пусан кинофестивалы бүгүнкү күндө Азиядагы эң ири кинофестиваль. Фестивалдын алкагында 80ден ашуун өлкөнүн тасмалары көрсөтүлөт. Фестиваль жыл сайын 7 миңге чейин кино адистерин жана 1,7 миң басма сөз өкүлүн тартып, келген коноктордун жалпы саны 200 миңге жакынды түзөт.

 

 

 

 

97