Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасы Азия чемпионатында 2 алтын, 8 коло жеңди.
Жаштар арасында (U-20) Эржан Канатбеков (81 кг) жана Эмирхан Жолдошбеков (+100 кг) алтын алды.
Өспүрүмдөр арасында (U-17) Марсель Түмөнбаев (50 кг), Адис Орозмаматов (60 кг), Айдай Какитаева (57 кг) жана Азима Конокбаева (70 кг) коло медал тагынышты. Алина Молдокулова (70 кг), Жанара Жолдошева (57 кг), Мырзайым Дуйшенбекова жана Адина Көчкөнбекова (63 кг) да үчүнчү орунду ээлешти.
Дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар арасындагы Азия чемпионаты Түштүк Кореянын Мунгён шаарында 31-августтан 1-сентябрга чейин өттү.