7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМдин отставкадагы полковниги Сапарбай Ирискулов көз жумду

248

ИИМдин отставкадагы полковниги Сапарбай Ирискулов көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Анын эмнеден көз жумгандыгы тууралуу азырынча маалымат жок.

Сапарбай Ирискулов 1941-жылдын 23-мартында Ош облусунун Өзгөн районунун Жээренчи айылында туулган. Милициянын полковниги, СССР ИИМдин Алматы атайын орто мектебин 1967-жылы бүтүргөн, андан соң Ленинград аскердик-саясий жогорку окуу жайын 1976-жылы бүтүргөн. 1964-жылдан баштап Бишкек шаардык ИИБдин атайын дивизионунун кайгуул-күзөт кызматынын милиционери, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБде участкалык ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында кылмыш издөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, андан кийин ушул эле бөлүмдө начальниктин орун басары, саясий-тарбиялык иштер боюнча бөлүм башчысы, коомдук тартипти сактоо бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз ССР ИИМдин Ведомстволук эмес күзөт башкармалыгында полк командири, коомдук тартипти сактоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1994-99-жылы коомдук тартипти сактоо башкармалыгынын начальниги болгон. Кызматындагы эмгектери үчүн ИИМдин медалдары менен сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

249