7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Илхам Алиев Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди

414

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев үстүбүздөгү жылдын 11-12-октябрында болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго ыраазычылык катын жолдоду.

Илхам Алиев өзгөчө көңүл буруу жана меймандостук, ошондой эле ага жана азербайжандык делегацияга болгон чыныгы боордоштук мамиле үчүн ыраазычылык билдирди.

«Мен азербайжан-кыргыз мамилелеринин тарыхында жаңы баракты ачкан сапардын жыйынтыгына абдан канааттандым. Сиз менен чын ниетте жана өз ара ишенимдин негизинде өткөн жолугушуубузду, ошондой эле эки тараптуу мамилелерди жана кызматташтыгыбыздын келечеги боюнча өткөргөн сүйлөшүүлөрдү жогору баалайм.

Сапардын алкагындагы Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отурумун өткөрүү жана документтерге кол коюу, атап айтканда, „Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду“ биздин кызматташтыгыбыздын ар тараптуу өнүгүүсүнүн айкын мисалы болуп саналат.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргыз элинин жакын досу, азербайжан элинин улуттук лидери Гейдар Алиевдин ысымын алган Бишкек шаарындагы мектеп-гимназиянын жана элибиздин улуу акыны жана ойчулу Низами Гянжеви атындагы мектептин ачылышы үчүн ыраазычылык билдирем.

Биз муну эки элдин ортосундагы достук менен боордоштуктун символу жана азербайжан элинин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн элесине сый-урмат көрсөтүү катары баалайбыз.

Кыргызстан — биз үчүн тили, тарыхы жана маданиятыбыз тамырлаш болгон боордош өлкө жана стратегиялык өнөктөш.

Сапардын жүрүшүндө боордош элдерибиздин ортосундагы бузулгус байланыштарды чагылдырган Кыргызстан-Азербайжандын достук паркынын ачылышына катышуу өзгөчө кубанычтуу болду.

Ошол эле учурда кыргыз элинин бай тарыхы, маданияты жана каада-салты, ошондой эле сиздердин өлкөнүн көркөм өнөр чеберлеринин колориттүү жана үлгүлүү чыгармачылыгы менен жакындан таанышуу өтө кызыктуу болду.

Жалпы күч-аракеттерибиз менен Кыргызстан жана Азербайжандын ортосундагы салттуу мамилелер, эки тараптуу деңгээлде гана эмес, эл аралык түзүмдөрдүн деңгээлинде, өзгөчө Түрк Мамлекеттер Уюмунун алкагындагы натыйжалуу кызматташтыгыбыз мындан ары да элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн кеңейип, ал эми стратегиялык өнөктөштүгүбүз тереңдей берерине бекем ишенем.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалайм», — деп айтылат Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин ыраазычылык катында.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

415