7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Инвестор эмне издейт: Жерби же туруктуулукпу?

155

Акыркы күндөрү чет элдик инвестиция, инвесторлорго түзүлгөн шарттар жана өлкөдөгү ири долбоорлор коомчулукта кызуу талкууланууда. Ушундай талкуулардын фонунда социалдык тармактын колдонуучусу Залкарбек Кудайбердиев өзүнүн жеке тажрыйбасын бөлүштү.

Анын айтымында, былтыр Шанхай шаарындагы электрозаправка өндүргөн заводдун жетекчилеринин бири болгон кытайлык инвесторду Кыргызстанга чакырып, өлкөдөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен тааныштырган. Караколдо өткөн жолугушууда ал мамлекетте жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдү, ири инфраструктуралык долбоорлорду, жаңы өндүрүштөрдү жана инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттарды айтып берген.

Залкарбек Кудайбердиевдин белгилешинче, кытайлык ишкер Кыргызстандагы оң өзгөрүүлөрдү өзү да байкап келгенин айтып, өлкөдөгү туруктуулук менен өнүгүү инвестиция салууга кызыгууну арттырарын билдирген.

Автордун пикиринде, дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, инвесторлор эң биринчи кезекте саясий туруктуулукка, коопсуздукка жана мыйзамдардын ишенимдүүлүгүнө көңүл бурушат. Анын баамында, чет элдик компаниялардын Кыргызстанга кызыгуусу өлкөнүн инвестициялык абалы жакшырып жатканынан кабар берет.

Ошондой эле ал сөз кылган инвестор дүйнөдөгү электр унааларын чыгарган ири компаниялар менен кызматташкан электрозаправка жабдууларын өндүрүүчү заводду жетектери белгиленет. Автордун айтымында, Кыргызстан боюнча электрозаправкалар тармагын өнүктүрүү боюнча идеялар дагы талкууланган, бирок айрым себептерден улам бул долбоор азырынча ишке аша элек.

Белгилей кетсек, бул материал социалдык тармактын колдонуучусу Залкарбек Кудайбердиевдин жеке пикиринин негизинде даярдалды. Андагы айтылган баалоолор жана көз караштар авторго таандык болуп саналат.

156