7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Надира Нарматова: “Өлкөнүн өнүгүшү үчүн ынтымак, биримдик жана мыйзам үстөмдүгү керек”

4

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова коомчулукка кайрылуу жасап, өлкөдөгү акыркы окуяларга байланыштуу өз көз карашын билдирди.

Ал Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн учурда коомду бөлүп-жарган билдирүүлөргө, такталбаган маалыматтарга жана өз ара айыптоолорго жол берилбеши керектигин белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттин кызыкчылыгы саясий же жеке амбициялардан жогору турушу зарыл.

Нарматова акыркы жылдары өлкөдө жолдордун, мектептердин, ооруканалардын, социалдык жана өндүрүштүк объектилердин курулушу, энергетика, транспорт жана туризм тармагындагы долбоорлор ишке ашып жатканын белгилеп, бул иштерди улантуу үчүн коомдо тынчтык менен биримдик болушу керек экенин айтты.

Ошондой эле ал социалдык тармактарда такталбаган маалыматтарды жайылтуудан алыс болууга, мыйзамды сыйлоого жана коомдук жоопкерчиликти күчөтүүгө чакырды. Анын пикиринде, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн ар бир жаран өлкөнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, ынтымакты бекемдөөгө салым кошушу зарыл.

Кайрылуусунун соңунда Надира Нарматова Президент Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын колдоого үндөп, өлкөдө башталган реформалар менен мамлекеттик программалар толук ишке ашып, Кыргызстан өнүгүү жолун улантат деген ишенимин билдирди.

5