7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Июль айында мээ кайнаткан ысык болобу?

1169

Июль айында өлкө аймагында абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги кабарлады.

  • Чүй облусу
    Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп, +23…+25 градус, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо +16…+18 градус болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +13…+18ден тарта +19…+24 градуска чейин өзгөрүп турат. Күндүз +22…+27ден баштап +33…+38 градуска чыгат.
    Жаан-чачын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нормадан арбын болушу күтүлөт.
  • Талас облусу
    Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +9…+14төн тарта +15…+20 градуска чейин чыгат. Күндүз +21…+26 градустан +31…+36 градуска чейин көтөрүлүшү ыктымал.
    Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу мүмкүн.
  • Ош облусу
    Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +24…+26, тоо этектериндеги райондордо +20…+22 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +14…+19дан тарта +20…+25 градуска, күндүз +23…+28ден тарта +34…+39 градуска чейин чыгат. Жаан-чачын тоо этектериндеги райондордо нормадан көп болушу ыктымал.
  • Жалал-Абад
    Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +14…+19дан тарта +20…+25 градуска чейин, күндүз +23…+28ден +34…+39 градуска чейин чыгышы күтүлүп жатат.
    Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө климаттык нормага жакын, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нормадан арбын болушу күтүлөт.
  • Баткен облусу
    Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормада туруп, +24…+26 градус, тоо этектеринде +20…+22 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +14…+19дан +20…+25 градуска, күндүз +23…+29дан тарта +34…+39 градуска чыгат. Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө климаттык нормага жакын, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нормадан арбын болушу күтүлөт.
  • Ысык-Көл облусу
    Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +7…+12 градустан тарта +13…+18 градуска чейин, күндүз +15…+20 градустан +25…+30 градуска чейин ысыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.
  • Нарын облусу
    Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, +17…+19 градуска жетет. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8 градустан тарта +11…+16 градуска чейин, күндүз +17…+22ден көтөрүлүп, +27…+32 градуска чейин чыгышы ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1170