Ноокен районунун Ноокен айылынын Токтоболотов көчөсүнүн тургуну 1987-ж.т. Тажибаева Жаркынай Камчыбековна 2021-жылдын 2-январь күнү саат 23:00 чамасында өзү жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Тажибаева Жаркынай Камчыбековнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.
Белгилери: Бою 165-170 см, өңү кара тору, кашы, көзү кара, чачы узун, мойнунда кесилген шрамы бар, 2-топтогу майып, так сүйлөй албайт.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү узун куртка, кара шым, кара түстөгү бут кийим болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Тажибаева Жаркынай Камчыбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Тел.: 102, (03734) 5 05 44, 0755 54 00 35, 0771 05 57 75.