11-март Россиянын Сургут аймагында кыргызстандык эки наристе өрт чыккан үйдүн ичинде калып, каза болгону кабарланган. Эртең 16-март бир туугандардын сөөгү мекенине жиберилет. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү сайттары кабарлады.
Маалыматка ылайык өрт чыккан үйдө 8 жашар кыз жана анын 5 жашар иниси калган. Апасы жумушта, атасы Кыргызстанда болгон.
Куткаруучулар газ баллондун жарылуу коркунучунан улам, жакындап бара алган эмес.
Тергөөчүлөр өрттүн келип чыгуу себебин, этиятсыздык деп каттаган. Эки баласынан ажраган келин “ Этиятсыздыктан улам 2 адамдын өлүмүнө сеепчи” болуп жоопкерчилике тартылуусу күтүлүүдө.
Балдардын атасы административдик мыйзам бузууга айыпталып, департациялангандыгы айтылат.