Бишкекте унаа уурдоого шектелип, 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-октябрда 1998-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ошол эле күнү BMW 520 үлгүсүндөгү унаасын үйүнүн жанына токтотуп койгон жеринен белгисиз жарандар айдап из жашырып кеткен.
Издөө иштеринин натыйжасында, Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен унааны айдап качкан 2003-жылы туулган Ш.Б. аттуу жаран кармалган.
Учурда Ленин РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.