7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрү чыры: Ошко бара жаткан адамдарды сабагандар кармалды

711

1-сентябрга караган түнү социалдык тармактарда белгисиз жарандарды “Оштуктар өтпөй калат бул жолдон”— деп коркутуп жаткан видео тараган. Бул окуя тууралуу Талас ОИИБ төмөндөгүлөрдү билдирди.

Видео тасмада беттери кан болгон жарандарды, Ош облусундагы көк бөрү оюунунун аягында болгон чатакты себеп кылып, белгисиз жарандар 4 адамды коркутуп жатканын көрүүгө болот.

Бул факты боюнча текшерүү иштери башталып, окуяга тийиштүү жарандар аныкталган. Аталган 4 жаран Ош облусунун тургундары жана “Фольксваген-Гольф” үлгүсүндөгү авто унаа менен Россиядан чыгып, Казакстандан өтүп, Тараз-Талас-Суусамыр авто жолу аркылуу Ош облусуна бара жаткан.

Жарандарды коркутуп сабоого шектүүлөр кармалышты. Алар Талас облусунун 1995-жылкы 5 тургуну болгон.

Аталган факты боюнча КРнын КЖКнын 330-беренеси ( Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө жана иликтөө иштери жүрүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

712