7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрү: «Сары-Өзөндүн» капитаны Сейитбек командасы оор шартка кептелгенин айтып чыкты

862

Көк бөрү боюнча «Сары-Өзөндүн» капитаны Сейитбек Анарбек уулу социалдык тармактагы баракчасына ачык кат жазды.

«Сары-Өзөн» тургундары, менин катталуучуларым, бүгүн бир сырды ачык чыгарууга туура келип турат. Мен «Сары-Өзөндүн» капитаны болуп аягына чейин турдум, бирок учурда команда оор шартка кептелди. Эртең марттын бири, Жогорку Лигадагы бардык командалар машыгууларын баштады. Тилекке каршы биздин клубдагы алдыңкы балдар башка клубдарга кетип, аттарыбыз дагы бүгүнкү күнгө чейин чогулбай турат. Ушундан улам турнирде канчалык деңгээлде атаандаштык көрсөтө алабыз деген маселе жаралды. Бүгүнкү күндө Чүйдөн экинчи командабыз «Ак-Шумкардын» даярдыгы ирээттүү жүрүп жатат. Айтайын дегеним мен дагы терең ойлонуп, «Ак-Шумкар» жаштарынын катарын толуктайын деп чечтим. Чүй биригип күчтөнүп чыкпасак, эртең саны бар, сапаты жок болуп калчудай»,- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

863