УКМК тарабынан криминалдык лидер Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттери токтотулду.
Маалыматка караганда, алар көп жылдар бою эл керектөөчү товарларды (Кытайдан экспорттолгон товарлар) тартып алуу менен алектенип келишкен. Кыргызстандын ишкерлеринен жана жарандарынан, кийин алар тарабынан КРнын жана КМШ мамлекеттеринин аймагында туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурган.
23-майда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү – “Алтуха” деген каймана аты менен белгилүү А.И., А.К., “Протез” каймана аты бар А.Ш. жана “Кения” каймана аты бар К.Т. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына камалды.
Аталган адамдар алдамчылык жолу менен жеке менчик транспорттук-логистикалык компаниядан жалпы суммасы болжол менен 385 миң АКШ долларын түзгөн эл керектөөчү товарларды алып жүргөн жүктү мыйзамсыз түрдө тартып алышкан.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.