7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү “Киборг” кармалды

479

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү “Киборг” деген каймана аты бар Н.М аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Ал мыйзамсыз иштер менен алектенген Камчы Асанбек менен жана Сапа каймана аттуу Балыкчы шаарынын “смотрящийи” менен тыгыз байланышта болгон.

Бул жаран «уурулардын казынасын» толтуруу жана жеке баюу максатында, тапанча колдонуп, опузалап акча талап кылган жана мыйзамсыз түрдө олуттуу финансылык каражаттарды жана кыймылдуу мүлктөрдү ээлеп алган.

Ал 4-сентябрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

480