Интернет айдыңында Түркмөн президентинин аэропортто тосуп алган кыргыз кызын караган сүрөтү талкууга түштү. Социалдык тармактын колдонуучулары аталган сүрөттү байма-бай бөлүшүп, ар кандай тамашалуу пикирлерди жазышууда.
Алсак, «Сулууларга суктанууга акым бар«, «Уникалдуу сүрөт болуптур», «Кыздын көзү гүлдө, Сердардын көзү кызда», «Түркмөн кыздардын макияж кылуусуна тыюу салып коюп биздин кыздарга суктанып атканын», «Мен бойдок кезде кайда элең?!», «Жүрөк жаш да» деп жазгандар арбын.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтүүдө. Жыйынга катышуу үчүн бүгүн, 21-июлда Түркмөн президенти Сердар Бердымухамедов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөгө келди. Кечээ, 20-июлда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келишкен.