7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көрүстөндүн темир тосмолорун уурдап жүргөн 21 жаштагы жаран кармалды

843

Ош шаарынын түштүк тарабында жайгашкан мүрзөлөрдөгү темир тосмолорду уурдап, кара металл алган пункттарга өткөрүп жүргөн 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБ маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын тургуну Т. уулу Н. шериги менен биргеликте ушул жылдын жаз айларынан тартып бир нече ирет мүрзөлөрдөн темир тосмолорду уурдап, такси менен кара металл алуучу пункттарга өткөрүп турган. Алган акчаларын өз кызыкчылыктарына пайдаланышкан.
Учурда аталган фактылар боюнча ар тараптуу иликтөө иштери жүрүп жатат.

Шектүүнүн кылмыштуу шериктерин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат. Темир кабыл алуучу пункттардын дагы жоопкерчилиги тергөө кызматы тарабынан каралууда.
Буга чейин жашоочулар көрүстөндөгү темир тосмолор уурдалып жатканы боюнча айтып, 7-каналдын редакциясына кайрылышкан. Аталган окуя тууралуу биздин кабарчылар жеринде чагылдырышкан болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

844