7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каймана аты «Акула». Акжол тууралуу кызыктуу фактылар

302

Акжол Махмудов 1999-жылы 15-апрелде Ош облусунун Араван районунда туулган.

  • Атасы Мухаммед беш баланы эрезеге жеткирген. Өзү базарда соода-сатык менен алектенет.
  • Беш бир тууган, 2 агасы жана 2 карындашы бар.
  • Күрөш дүйнөсүнө келип калуусуна агалары себеп болгон.
  • Бою 180 см, салмагы 77 кг.
  • Футбол ойноп жатып жаракат алган Акжол 2020-жылы Германиядан тизесине операция жасаткан.
  • Балбандын каймана аты «Акула». Бул ысымды алып калуусуна Махмудовдун россиялык балбан Аслан Зубаировдун чеберчилигине кызыкканы себеп болгон.
  • Акжол өлкөнүн эгемен тарыхында грек-рим күрөшүнөн Дүйнө чемпиондугуна жеткен биринчи балбан.
  • Грем-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча көп жолку чемпиону.
303