7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кайрат Түгөлбаевдин машыктыруучусу калыстарга нааразы болду (ВИДЕО)

2750

Бүгүн, 7-октябрда Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун бешинчи күндүк беттештери уланууда.

Маалыматка ылайык, грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Кайрат Түгөлбаев алгачкы жүрүшүндө эле азербайжандык Санан Сулейманы аттуу балбан менен кез келген.

Биринчи бөлүктө кыргыз балбаны активдүү күрөшпөгөнү үчүн калыс каршылашка бир упай берип, партер абалын койду. Учурдан пайдаланып Санан Сулейманы упай алып кетти.

Буга Кайрат Түгөлбаевдин машыктыруучусу нааразычылыгын билдирип, челленж баскычын басты. Калыстар видео кайталоону карап, атаандашка дагы бир упай ыйгарды.

Жыйынтыгында жалпы эсеп 9:0 болуп, азербайжандык балбан мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2751