7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчы Көлбаев менен байланышы бар эки жетекчи кармалды

469

Кылмыштуу чөйрөнү каржылоо фактысы боюнча Камчы Асанбек көзөмөлдөгөн коммерциялык фирмалардын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

УКМК органы тарабынан такталгандай, жеке баюу жана көзөмөлгө алынган уюшкан кылмыштуу топту каржылоо максатында, К.Асанбек жасалма адамдар аркылуу, «Гранд Электроникс» ЖЧКсы менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАК менен «Кумтөр» кенине тамак-аш жана тамактануу менен камсыздоо келишимин түзүшкөнү аныкталды.

«Гранд Электроникс» ЖЧКсынын «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан алган каржылык кирешеси уюшкан кылмыштуулук менен байланышы бар «Гранд Электроникс Стафф» ЖЧКсына, андан кийин Асанбектин жеке өзүнө өткөрүлүп берилген.

6-мартта «Кылмыштуу чөйрөнү каржылоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, аталган коммерциялык фирмалардын жетекчилери Б.А.Б жана Х.Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

470