7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
18°C

Камчыбек Ташиев: Айрым талапкерлер, башаламандык уюштурууну пландап жатат

50

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоодон кийин башаламандык болушу мүмкүн. Бул тууралуу Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Башаламандык болушу мүмкүн. Биз анын баарын иликтеп атабыз. Шайлоодон кийин башаламандык кылгандар жоопко тартылат. Айрым талапкерлер үгүт иштерин жүргүзгөн жок. Алар башаламандык уюштурууну пландап жатат»,-деди Ташиев.

Анын пикиринде, шайлоонун жыйынтыгына эч ким таасир этпеши керек. Элге өз президентин тандап алууга мүмкүнчүлүк берүү керек.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага 18 талапкер ат салышууда. Учурда шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүүдө.

Быйыл 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин массалык башаламандык болгон. Себеби шайлоонун жыйынтыгы нааразылык жараткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

51