7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев спартакиаданын жеңүүчүлөрүн куттуктады

369

Бүгүн, Ысык-Көл облусунун аймагында УКМК төрагасынын кубогу үчүн командалык спорттун түрлөрү боюнча республикалык спартакиада жыйынтыкталды.

Спартакиадага УКМКнын бардык облустук башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлери жана Мамкомитеттин ардагерлери катышты. Иш-чарада эркектер үчүн жалпы командалык — футбол, баскетбол, волейбол, шахмат, ал эми кыз келиндер үчүн — 1000 метрге чуркоо, жеңил атлетика – эстафеталык чуркоо жана аркан тартыш оюндары болду.

Спартакиаданын жалпы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө төраганын кубогу жана байгелер тапшырылды.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев спартакиаданын жеңүүчүлөрүн куттуктап, катышуучулардын баарына ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, Ташиев спортту өнүктүрүүдө жана кызматкерлердин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жогорку натыйжалуулугун камсыз кылууда, аскер кызматчыларынын дене тарбия даярдыгын жогорулатуу маанилүү экендигин баса белгиледи. Мындан улам, ар бир кызматкер спорт менен жакын болуп, дени сак жашоону камсыздоого аракет кылуусу керектиги айтылды.

Салтанаттуу аземдин соңунда УКМК төрагасы өздүк курамга тиешелүү тапшырмаларды берди.

 

 

 

 

370