Бүгүн, 29-августта, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы жаңыдан асфальт төшөлгөн Розы Азимов жана Султан Ибраимов көчөлөрүнүн ачылышына катышты.
Бул жолдор Жалал-Абад шаарынын ички көчөлөрү болуп саналат. Алар кеңейтилип, жаңыдан асфальт төшөлүп, тийиштүү жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштери аткарылган. Учурда Азимов көчөсүн асфальттоо иштери аяктап, жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдун эки четин куруу иштери улантылууда.
Камчыбек Ташиев ачылыш аземине катышкан жергиликтүү тургундарга сүйлөп жатып:
«Урматтуу президентибиздин сиздерге жылуу саламын жеткирүү менен, Эгемендүүлүк жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктаймын. Өлкөбүздө тынчтык жана өнүгүү болушуна болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Эли журтубуздун жыргалчылыгы үчүн зарыл болгон инфраструктурларды куруу иштери мындан ары да активдүү улантылат.
Калкыбызды турак жай менен камсыз кылууга өзгөчө басым жасалып жатат. Быйыл Жалал-Абад шаарында 1500 үй бүлөгө мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан курулуп жаткан батирлер тапшырылат. Келээрки жылы дагы батирлерди тапшырылып, жалпы 10 000 үй бүлө үйлүү болот. Ушундай эле батирлер өлкөбүздүн бардык аймактарында курулуп жатат. Ош шаарында 10 000, Баткен шаарында 5000 кишиге ипотекалык турак жайлар жакынкы бир жыл ичинде курулуп бүткөрүү пландалган. Бул курулуштарга акчаны биз коррупцияга каршы күрөшүүдөн таптык… » деп билдирди.
Азимов көчөсүнө 3 чакырымга жакын асфальт төшөлүп, туурасы 6 метрден 14 метрге кеңейтилген. Жолдун четиндеги мыйзамсыз курулуштар буздурулуп, ирээтке келтирилген. Каражат мамлекеттик казынадан бөлүнгөн.