7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиевге жана үй-бүлөсүнө карата коркутуу каты келген

169

Бүгүн, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берди. Окуя уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдөн кийин башталган. Ташиев бул туурасында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен коомго жарыялап жатканын билдирди.

УКМК башчысы катты иш сапарынан келгенден кийин алган. Конверттин ичинде флешка салынып, сыртына “Камчыбек Кыдыршаевичтин жеке өзүнө” деп жазылган.

“Флешканын ичиндеги маалымат президентке жеткирилди. Катты ким калтырганын аныктоо оорчулук жаратпайт. Президенттин тапшырмасы менен тергөө жүрүүдө. Башкы прокуратура, ИИМ, УКМКга тапшырма берилди. Эгерде мага, президентке же биздин үй-бүлө мүчөлөрүнө бир нерсе болсо, бул маалымат боюнча баары кабардар болушу керек”, — деди Ташиев.

Ал ошондой эле катта өзүн жана үй-бүлөсүн жок кылбаш үчүн белгилүү шарттарды аткарашы керектиги айтылганын кошумчалады.

“Бул жерде түз коркутуу бар. Бул атайын кызматтардын жана кызматкерлеринин иши экени көрүнүп турат, ага кримтөбөлдөр менен ишкерлер көп акча төлөгөн”, — деди Ташиев.

Ташиев өлкөдө криминал менен олигархтар болбой турганын, катты жөнөткөндөрдөн коркпой турганын айтты.

“Биз буларды аныктоого аракет кылабыз. Ким жазган? Каякта жазган? Ким түз коркутуп жатат? Баарын аныктап коомчулукка жарыялайбыз. Көрөбүз, жашоо көрсөтөт, ким, кимди жеңип чыгат”, — деди Ташиев.

 

 

 

170