7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын кезектеги жыйындарына катышат

300

Бүгүн төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Россиянын Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Иш сапардын алкагында төрага КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин отурумуна жана 57-пленардык жыйынына катышат.

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында депутаттар Талайбек Масабиров, Чыңгыз Ажибаев, Арсланбек Малиев, Сеидбек Атамбаев, Кубанычбек Самаков, ошондой эле президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов бар.

301