7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каналдагы агып кеткен келин бир кызы менен куткарылды. Дагы бир кызы изделүүдө

1123

Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр каналына 24 жаштагы М. аттуу аял киши эки кичинекей кызы менен түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар жерине жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан аялды жана болжол менен үч жаштагы кызды суудан аман-эсен чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бирок болжол менен бир жарым жаштагы кызы табылган эмес.

Наристени издөө иштерин жүргүзүү үчүн 13 куткаруучу, 11 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды.

27-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1124