7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каныбек Иманалиев: «Жакынкы 3-5 жылда миңден ашуун мугалимдерге квартира берилет»

869

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн жыйында билим берүүдөгү приоритеттүү багыттарды атады.

Алар:

  • Президенттин демилгеси менен эки мугалимге “Кыргыз Эл Баатыры” наамы берилет;
  • «Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүсүнө квартира, беш негизги предмет боюнча жеңүүчү болгон жылдын мыкты мугалимдерине бир миллион сомдон берилет. Жеңүүчү аталган 5 мугалим жыл бою Кыргызстанды кыдырып, көрсөтмө сабактарды өтөт;
  • Жакынкы 3-5 жылда миңден ашуун мугалимдерге квартира берилет. Бул үчүн атайын долбоор түзүү максаты көздөлүүдө;
  • Дүйнөлүк жогорку окуу жайларда окуп, атактуу компанияларда иштеген мекендештерге мамлекет тарабынан атайын сыйлыктар берилет;
  • Президенттин демилгеси менен жакыр үй-бүлөдөн чыккан таланттуу балдар үчүн Чолпон-Ата шаарында мектеп-гимназия курулуп жатат. Ал жакынкы жылдарда ишке кирет.

Каныбек Иманалиев президент тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо билим берүүгө болгон чоң ишеним, чечкиндүү кадам экендигин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

870