Бишкек шаарында Комсомол көлүнүн жана Кара жыгач токоюнун эс алуу аймагынын ачылышы болду. Борбор калаанын коноктору үчүн оюн-зоок программасы жана майрамдык концерт даярдалды.
Бишкек шаарынын мэриясы асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстарды жана борбордук фонтандын айланасындагы чыгармачылык зоналарды уюштурду. Анда чиймелери бар мольберттер жана экрандар орнотулган.
Алар «Нептун» жана «суу перилердин» катышуусунда ачык оюндар, сынактар жана викторина, оюн-зоок программасы уюштурулду. Спорттук мелдештер өткөрүлүп, токойдун аймагында батут жана фудкорт аянтчалары орнотулду.