7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Каржы пирамидасына байланыштуу 358 иш тергелди

412

2023-жылы Кыргызстанда каржы пирамидасына байланыштуу 358 иш тергелди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Анын ичинен 217 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, соттук кароого жиберилген. Учурда 98 кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып келет.

Кылмыш иштери боюнча жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 млн сомдон ашкан. Ал эми, кылмыш иштери боюнча жалпысынан 40 адам жоопко тартылган.

Каржы пирамидасына байланыштуу кылмыш фактыларынын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган. Ал эми салыштырмалуу азыраак бөлүгү Чүй, Баткен жана Талас облустарына катталган.

413